Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Акылбек Түмөнбаев: "Ынтымак ыдырабасын"

13-01-2022
17:34

Ысык - Көл областынын Түп району коңшу Казакстан мамлекетине жакын жайгашып, мал чарбачылыгындагы мамилелери башынан эле камыр - жумур. Ошентсе да, мал кайтаруудагы жайма - жай сүйлөшчү маселелер орун алганы менен кээ бир учурда убайымга салган оңтойсуздуктар да жок эмес. Анын мисалын парламент жыйынында эки күн катары менен көтөрүп чыккан Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Түмөнбев "Парламент" радиосунда ачыктады.

“Айтылуу Каркыра жайлоосу кыргыз элинин энчисиндеги баалуу жер эле. Ал Көкөтөйдүн ашы өткөн тарыхый аймак катары эле эмес, мал киндиктүү элибиздин чарбачылыгына да ыңгайлашкан жер. Аталган Түп районунун бир топ айылдарындагы элдин малы жайлоодо асыралып, чек арада чиеленген маселелер болуп келген. Малчыларды кармап, камап турган фактылар бар. Бирок, аны чечүү жолдору татаалдашкан эмес. Бул эки тараптын өз ара түшүнүүчүлүгү менен теске салынган иш. Азыркы мен айтып жаткан Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосунун № 3 – 4 - фермаларындагы малчылар кабылган абал элчиликтин, тиешелүү укук коргоо органдарынын иликтөөсү менен жакшы жагына чечилет, - деген жоопту күтүп турабыз. Негизгиси, ынтымак ыдырабасын”, - дейт эл өкүлү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы