Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

30-07-2022
17:19

2022-жылдын 25-июль депутат Ноокат районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Равшан Мурзаев менен биргеликте элдин чечилбеген маселелери менен жеринде таанышып, бирге талкуулашты.

Жолугушуу учурунда тургундар жөлөк, пенсия алууда кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилешти. Аны менен катар Ноокат шаардык борбордук базарынын айланасында бир топ башаламандык орун алгандыктан базарды шаардын четине чыгаруу сунушу айтылды. Көйгөйлүү маселеге айланган Ноокат шаарынын жолун кенейтүүнү да кошумчалашты. Жыйынтыгында айрым маселелер жеринде чечилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми 2022-жылдын 27-июль депутат Нилуфар Алимжанова жергилектүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте “Темир-Корук” участкасында курулуп жаткан жол тилкеси менен, ошондой эле Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн имаратына жаңы ачылган Калкты тейлөө борборунун (ЦОН) имаратын жеринде көрдү. Аны менен катар Ноокат районунун Пазылов орто мектебинин оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Аталган орто мектеп 2021-2022- окуу жылына даярдыктарын күчөтүү максатында, каражаттар жергиликтүү бийлик чече турган маселе болгондуктан, тийиштүү сунуштар жана көрсөтмөлөр берилди.

2022-жылдын 28-июль Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Нойгут айылында, айылдын тургундарынын катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү. Негизинен элдин койгон талабы, таза суу маселеси болуп, демөөрчүлүк менен жалпы 150 000 сомдой каражат топтолгон, атайын түтүкчөлөр сатылып алынган, бирок калган маселелер ушул күнгө чейин чечилбей келгендиги айтылды. Элдин кайрылуусун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө таза суу маселесин чечүүгө тийиштүү иш кагаздарын жана каражатын эсептеп чыгуу маселеси жана эл аралык донорлорго кайрылууну, ошол эле учурда маселени чечүүдө көмөк көрсөтүү жагы белгиленди.

Жыйынтыгында дептутат Нилуфар Алимжанова алдыда дагы Ноокат районунун элинин көйгөйлүү маселелерин чечүү багытында бир топ иш-чаралар улантыларын белгиледи. Ошондой эле Ноокат шаарында жайгашкан депутаттын кабылдамасына жеке атуулдар тарабынан да бир канча кайрылуулар жана арыз-муундар келип түшкөнүн, аны тийиштүү мамлекеттик органдарга чечүү үчүн жөнөтүлгөнүн кошумчалады.