Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат А.Малиев тез жардамды тездетүүнүн түрлөрү тууралуу ой бөлүштү

20-01-2022
17:47

Ден соолуктун кадыры бийик. Айрыкча азыркы дүйнөнү каптаган вирустан коргонуу убагында эл дары – дармекке болгон таңкыстыкты сезбеши керек. Жалпы медициналык тейлөө сапаты тууралуу парламент уккан кечээки Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча Жогорку Кеңешке №34 Жети – Өгүз шайлоо округунан шайланып келген депутат Арсланбек Малиев бүгүн, 20 – январда “Парламент” радиосуна ой бөлүштү.

“Калкка медициналык тез жардам көрсөтүүдө атайын жабдылган унааларды гана эмес, көп автотыгындар пайда болгон шаарларда, шарты катаал райондордо мотоциклдерди колдонуп, биринчи тез жардам көрсөтүү иштерин аткарса арзанга түшмөк.  Ошондой эле жабырланган тарапка жетип баруу жеңилдиги да жаралмак”, - дейт эл өкүлү.

Ар бир жарандын дарт баянын катмыган баракчанын электрондук тартипте сакталып, дарыгерге кайрылуу кезеги электрондоштурулуп жатканы жакшы жылыш, - деген депутат айрым алыскы айылдарда фельдшердик – акушердик пункттардын жоктугу - замандын жарашкыс көйгөйү экендигин белгиледи. Алыскы айылдардагы  элдин дары – дармекке жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси орчундуу суроолордун бири болсо, ал эми аралыгы алыс айылдардагы төрөтканалардын болбогондугу да көз жуумп койчу маселелерден эмес, - дейт А.Малиев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы