Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кунарсыз жерлер кубаттандырылат

24-01-2022
17:26

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөрдүн алкагында Жер кодексине, “Жайыттар жѳнүндѳгү” мыйзамга тиешелүү маселелер экинчи окууда агрардык комитетте каралды. Анда бекер эле бош жаткан 500 миң гектар жерди натыйжалуу пайдаланып, ага бак - дарактарды өстүрүүгө уруксаат берүү шарттары караштырылып жатат, - дейт бүгүн, 24 - январда "Парламент" радиосунда болгон Жогорку Кеңешке №6 - Араван шайлоо округунан депутат Жалолидин Нурбаев.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбоору буга чейин VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан 1 – окууда кабыл алынган. Азыр биз маселени 2 – окууда карадык. Мыйзамдын негизги максаты – асылдуудугу аз, тактай келгенде бонитети 20дан кем,  гектарынан түшүмдүүлүгү 0,8 центнерден аз болгон жерлерге көп жылдык бак – дарактарды отургузууга уруксаат берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу болуп саналат”, - деп белгиледи парламентарий. Ошондой эле ал, - “Адистердин айтымында, мындай кунардуулугу аз, -деп эсептелген жер аянттары 500 миңдей гектарды түзөт. Комитет мүчөлөрү ошол жерлердин региондордогу үлүшү канчадан тиерин тактап келүү тапшырмасын демилгечилерден талап кылгандыктан, мыйзам долбоорун кароо дагы кийинкиге жылдырылды", - дейт депутат.

Ошондой эле эл өкүлү, - “Ушул мыйзам өзгөтүүлөрү кабыл алынып калса, анда  ар бир гектар жердин салыгы 205 сомдон эсептелет.  Бул бюджет үчүн жакшы. Ошондой эле  жайыттарды деградациядан сактоого жардамчы. Кунарсыз жерлерди ижарага алып, анын кыртышын жакшыртууга багыттап бак өстүрүү иштери менен алек болгондор жерди аукцион аркылуу 20 жылга ижара алып иштете алышат. Ал капчыктууларга эле эмес, карапайым калк үчүн да жеткиликтүү болушу шарт. Миграциялык агымды кыскартууга да мүмкүнчүлүк берип, жумушсуздукту кыскартууга өбөлгө”, - деген түшүндүрмөлөргө токтолду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы