Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жашоо жарышындагы санариптик система

25-01-2022
17:22

Электр энергиясынын эмилеки (25.01.22) саат 12:30 - 14:30га чейинки жалпы өлкө боюнча эки сааттык тыныгуусу тымтырстыктын торун жайып турганда да, аз да болсо интернеттин ичиркенбей иштеп турганы кубантты. Анда жалпы эле санариптик салмагыбыз канчалык? - деген суроо жаралды. Бул маселени талдап, "Парламент" радиосу №34 - Жети - Өгүз шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат Арсланбек Малиевди эфирге чакырды.

“Санариптик системанын иштөө деңгээлин кыска толкундуу кабылдагычтарга ылайыкталгандыктан, айрым жерлерде уюлдук телефондордун жакшы тартып – тарпай жатканынан эле баамдаса болот. Ошондуктан, узун толкундуу нанотехнологиялык ыкмаларды колдонуп, санариптик тажрыйбаларды өнүктүрүү зарылчылыгы бар. Бул жагынан башка мамлекеттерден артта калып калбайлы. 2017 – жылы бул багытта даярдалган долбоорлорду ошол кездеги мамлекет башчыларына кабарлагам. Эгер аталган жаңы саамалыктар кабыл алынып кала турган болсо,  Wi-Fi  жабдыктарынын таркалуу радиусу азыркы адистер айткандай, 10 – 15 метрге чейин эмес, 150 км чейинки мейкиндикке жайылат. Мобилдик телефондордун толкунду жакшы кармашына, медициналык операциялардын онлайн шартта жасалышына, энергетикадагы элементтердин да санариптик жактан теске салынуусуна талаптагыдай шарт түзүлөт. Жалпысынан жашообуздун кайсыл тармагын албайлы, санариптик сергектик зарыл болуп турган шартта учур тарабынан уттуруп жибербей, иш алып барууга милдеттүүбүз”, - дейт А.Малиев.

Ошондой эле эл өкүлү, - жер кыртышын, топурактын курамын аныктоо иштеринде, авиация тармагында узун толкундуу санарип системасын колдонуу көп жагынан пайдалуу экендигин кошумчалады. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы