Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Баткен областынын статусу так аныкталууга тийиш

26-01-2022
13:22

“Баткен областынын жашоочуларына өзгөчө көңүл буруу талабы барып - келип эле чек ара жагдайына түздөн – түз байланыштуу. Андыктан, кырдаалды нукка салууда тажик эли менен мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселелер бар. Айрыкча, тосулбаган чек ара аймагы ачык суроону жаратып жатканда, аны “бузуп өттү”, - деген өзөк сыдырган маселелер карапайым калкка кооптуулукту жаратууда. Ушундай жалаадан жабыркаган жарандарыбыздын он чактысы Тажикстандын абактарында отурушат. Аларды куткарып алуу жолдорун издөөдө элчилик эмне иш кылып жатат? Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин жообун угушубуз керек”, - дейт Жогорку Кеңешке “Ата – Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Камила Талиева бүгүн, 26 – январда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

“Баткен областынын статусу тууралуу” мыйзамдын алкагында андагы жашоочулардын социалдык абалын жакшыртууда төлөнүүчү жөлөкпул 2 эсеге жогорулап, пенсияга 2 миң сомдон кошумча төлөнмөкчү. Электр энергиясынын акылары менен эсептешүүдө, айыл чарба насыяларын алууда жеңилдиктер көрсөтүлөт. Баткен областынын чек арага жакын Лейлек районунун айылдарынын ушул жеңилдиктерден пайдалануучу айылдары толук камтылбай калган. 51 айылдын аталган тизмеге болгону 14ү гана кирген. Анын арасында дээрлик эл жашабаган Майты, Айкөл сыяктуу талаа аймактарынын камтылып калганы кандай? – деген суроонун да жообу түшүнүксүз, - дейт депутат.

Кулунду, Булак – Башы, Ак – Суу, Бешкент, Маргун өңдүү бир топ айылдардын жашоочуларынын жардамга муктаждыгы курч, - деген эл өкүлү, - “Бюджеттен каралбай калган каражаттар кур дегенде бюджеттин өзгөртүүлөрүн талкуулаган маалда капардан сырт калбашы керек”, - дейт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы