Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

22-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт

22-06-2022
10:00

22-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында башталат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 04.03.22деги № 110 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

2. “2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.05.22деги кир. № 6-9303/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)

3. “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 10.05.22деги кир. № 6-8561/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет караган)

4. “2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-11886/22, 09.06.2022) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – VI чакырылышынын депутаттары) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)

6. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган) (уландысы).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү