Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында Премьер-министр кызмат ордуна талапкер Сооронбай Жээнбеков жаӊыдан түзүлүп жаткан өкмөттүн курамын, түзүмүн, программалык долбоору боюнча баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, жаӊыдан шайлана турган өкмөт Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган ири долбоорлорду эске алуу менен, өзүнүн жаӊыртылган экономикалык программасын иштеп чыкты.
Жыйын жүрүшүндө депутат Осмонбек Артыкбаев экономикалык блокту туруктуу өнүктүрүүгө катуу көңүл буруу керектигин айтып, энергетика, тоокен, айыл чарба, туризм сыяктуу экономикалык артыкчылыктарга басым жасоону сунуш кылды.
Кичи ГЭСтерди куруу маселелери боюнча инвесторлор такталып, жатканы белгилүү болду. Депутат Рыскелди Момбеков чакан ГЭСтерге инвесторлор келип эле жатканын айтып, тез арада чечим кабыл алууну сунуштады. Чакан ГЭСтерди куруу боюнча ички инвесторлорго дагы көңүл буруу чакырыктары болду. Көпчүлүк коалициянын регламентин кабыл алуу зарылдыгын депутат Төрөбай Зулпукаров бир катар жүйөлөр менен чечмелеп берди.
Тармактардагы коррупциянын деңгээлин азайтуу боюнча кескин чаралар, министрликтерге каралган каражаттардын башкаруу тартибин өзгөртүү боюнча бир катар пикирлер айтылды. Сугат жерлерин өздөштүрүү максаты ишке ашпай жатканы белгиленди. Ошондой эле ички иштер министрлигин реформалоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасала тургандыгы белгилүү болду. Айрым фракция лидерлери өз ой-пикирлери менен кошо Өкмөттүн программасында ишкерлерди колдоого багытталган иш-чараларга көңүл бурууга чакырды. Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Иса Өмүркүлов депутаттар тарабынан айтылган олуттуу сунуш-пикирлерди эске алуу зарылдыгын белгиледи.
Жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын курамына кирген фракция депутаттары жаӊыдан түзүлүп жаткан өкмөттүн курамын, түзүмүн, программалык долбоорун жактыруу чечимин кабыл алышты.
КР ЖК Басма сөз кызматы