Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

22-09-2022
08:09

2022-жылдын 22-сентябрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. 

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен областындагы жана Ош областынын Алай районундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы түзүлгөн кырдаал жөнүндө маалыматы;

2. “Кумтөр” алтын кени, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо, эмгек мигранттарынын чет жерлердеги абалы, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү жагдай, ошондой эле депутаттар көтөргөн социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы;

3. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-9084/22, 14.05.2022) (Социалдык саясат боюнча комитет);

4. “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.05.2022деги кир.№ 6-10262/22) (Социалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 30.05.22деги кир. № 6-10640/22) (Социалдык саясат боюнча комитет);

6. “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.06.22деги кир. № 6-12774/22) (Социалдык саясат боюнча комитет).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү