Бүгүн, 5-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев.
Мыйзам долбоорунун автору белгилегендей, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жеке менчик укуктарын коргоо, айыл чарба жаныбарларын жаюуда жана сээрүндөтүүдө жоопкерчиликтүү жана үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу менен иш алып баруу, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти так жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
«Мыйзам долбоорунда дыйкандардын жеке менчигин коргоо максатында алар үчүн бөлүнүп берилбеген жерлерге малды жаюу менен, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянга учураткандыгы, жыйналган түшүмдөргө зыян келтирип жана жок кылгандыгы, көчөттөрдү зыянга учураткандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жеке жана юридикалык жактагы адамдар үчүн дагы 50 эсептик көрсөткүчкө жогорулатуу сунушталууда. Башкача айтканда, айып пулду жеке жактарга карата 250 эсептик көрсөткүчтөн 300гө, юридикалык жактарга карата 650 эсептик көрсөткүчтөн 700гө чейин көтөрүү сунушталууда», - деди Бекешев.
Демилгечи кошумчалагандай, жыл ичинде кайталанган жоруктар үчүн айып пулду 50 эсептик көрсөткүчкө жогорулатуу жана малды алып коюу менен жазалоо сунушталууда.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар малчылар менен дыйкандардын иш-аракеттери бири-бирине тоскоол болбошу үчүн шарттарды түзүү керектигин белгилешти. Ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын, фермерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири талкуу жүргүзүүгө чакырып, ошондой эле мыйзам долбоорунун авторуна сунушталган демилгени ишке ашыруунун деталдуу механизмин иштеп чыгууну сунушташты.
Талкуудан соң комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү