Бүгүн, 5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Аталган маселе боюнча баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева белгилегендей, макулдашуу навигациялык пломбаларды колдонуунун учурларын жана тартибин, байкоо жүргүзүү объекттерин, жүктөрдү ташып өтүүчү транспорттун түрлөрүн, жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүүнүн катышуучуларын, улуттук операторлор менен контролдоочу органдардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн негиздерин аныктайт.
Навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоого алуу бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык автомобиль жана темир жол транспорту менен ташылган товарларга, ошондой эле өз ара сооданын алкагында ташылган санкцияланган товарларга, алкоголдук продукцияга, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат. Келечекте зарыл болгон учурда жана мүчө мамлекеттердин демилгеси боюнча Комиссия аныктаган башка товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн колдонууга болот. Макулдашууда байкоого алынбай турган товарлардын (мисалы, тирүү жандыктар, үйүп ташылуучу жүктөр, ж.б.) тизмесин даярдоо боюнча Комиссиянын компетенциясы каралган.
Комитет ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү