Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Спирт ичимдиктерин ичкен 18 чыга элек жаштарга административдик айып өлчөмү көбөйөт

09-11-2016
09:04

Акыркы мезгилде коомдук атайын белгиленбеген жерлерде спирт ичимдиктерин ичкен 18 жашка чыга элек жаштар  көп кездеше баштадады, ал эми укук коргоо органдары буга эч кандай маани бербей жатышат. Мындай көрүнүш кадыресе болуп калды жана көпчүлүк жарандар үчүн бул күндөлүк нерселердин бирине айланды.

”Буга байланыштуу жогоруда аталган кодекстин 364-367-статьяларына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Депутат Мирлан Жеенчороевдин айтымында, майда бейбаштык ,коомдук жерлерди алкоголдук ичимдиктерди ичүү,ошондой эле мас болуу абалында жүргөндүгү үчүн жаза берүүнү оорлотуу пландаштырылууда.

Азыркы учурда белгиленген 100-300 сомдун чектериндеги административдик айыптын өлчөмүн 1000- 3000 миӊ сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Белгилей кетсек, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу мыйзам долбоору тармактык комитетте экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору жаштарды тарбиялоо деңгээлин жогорулатууга ,ошондой эле алкоголдук жана спирт камтылган азыктарды ичкендиги ,коомдук жерде баңги заттарды  колдонгондугу үчүн административдик жоопкерчилик чараларын күчтөнтүү жолу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. 

КР ЖК Басма сөз кызматы