Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эмгек миграциясындагы көйгөйлөр боюнча «Элдик» депутаттык тобу менен «Альянс» фракциясынын биргелешкен жыйыны өттү

09-09-2022
14:33

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу менен «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү эмгек миграциясы жаатындагы кырдаалды талкуулашты. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары баяндама жасап, министрлик жана ведомство өкүлдөрүнүн маалыматы да угулду.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров белгилегендей, Кыргызстан эл аралык эмгек рыногунун активдүү катышуучусу, эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө жана Россия Федерациясында иштегендердин саны боюнча биринчи орунда турат.

«Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин 2021-жылга карата маалыматы боюнча 1 миллион 63 миң кыргызстандык миграциялык каттоодо турат, анын ичинен 880 миңге жакын жаран «иштөө» үчүн каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эң курч көйгөйлөрдүн бири алардын Россия Федерациясында иш жүзүндө жүргөн/жашаган жери боюнча каттоого туруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу болуп саналат», - деди А.Мадмаров.

Өз кезегинде жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов учурда Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматы (ФМК) чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга карата талаптарды күчөттү.

«ФМКнын эн биринчи талап кылганы - бул миграциялык карта. Жакында эле дал ушул миграциялык карта алуу учун кирди-чыкты кылып, чек арадан өтүү үчүн бараткан 14 жараныбыз кырсыка кабылып, каза болушту. Бул маселе дагы да күн тартибинде болуп, Казакстан менен чектеш чек арада жумалаган кезек күтүү орун алып жатат. Ал чек ара бекеттеринде эч кандай шарт жок экени баарыбызга белгилүү. Андан кийинки кыйынчылык бул Сахарово шаарына барып атайын медкароодон өтүү жана бармак изин калтыруу. Бул маселеде ар бир мекендешибиз 24 миң рубльга чейин чыгым болуп жатат», - деди Т.Икрамов.

Парламентарий белгилегендей, мигранттардын абалын оорлотуп жаткан дагы бир жагдай – эмгек келишимдерин түзүү жана ижарага алынган турак жай боюнча каттоого туруу талабы. «Албетте, биздин жарандар башка өлкөдө иштеп жаткандан кийин ал өлкөнун мыйзамдарын сыйлоого тийиш. Бирок, биз бирдиктүү экономикалык уюмда, Бажы биримдигинде тургандан кийин мындай курч маселелерге женилдиктер каралышы зарыл эле», - дейт Т.Икрамов.

Сөзүнүн соңунда инфляциянын жогорку деңгээлине байланыштуу депутат Тазабек Икрамов «Жүк 200» жеткирүү үчүн төлөмдүн көлөмүн 70 миң сомдон 100 миң сомго көтөрүүнү сунуштады.

«2018-жылы 12-апрельде Жогорку Кеңештин жыйынында Россияда иштеген эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн көтөрүп, «Жүк 200» тууралу көтөргөм, 2018-жылдын 16-майында өкмөт «Чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алган. Бул токтомго ылайык, чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарга 50 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Кийинчерек 70 миң сомго көтөрүлдү, бирок азыркы учурдагы инфляциядан улам бул акча каражат аябай эле аз болуп жатат. Ушул сумманы 100 миң сом көтөрүп берүү зарыл маселенин бири. Эске салсак, жылына Кыргызстанга 250-300гө жакын «Жүк 200» ташылып келсе, анын көбү Орусиядан жөнөтүлөт», - деп жыйынтыктады Тазабек Икрамов.

Талкуунун жүрүшүндө «Элдик» депутаттык тобу менен «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү чет мамлекеттердеги Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктук абалын жеңилдетүү боюнча чараларды белгилешти. Отурумдун жыйынтыгында депутаттардын бардык айтылган сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен фракциялардын тиешелүү чечими кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү