Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 11-октябрында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ички соода жөнүндөгү» мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өтөт

11-10-2022
09:00

2022-жылдын  11-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өткөрөт.

Иш-чара саат 09:30да Жогорку Кеңештин Жыйындар залында башталат.

Парламенттик угууга катышууга мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылат.

Катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышсаңар болот:62 -63-58, 63 92 09,  0772 32 58 46; 0557 11 77 20.

Программанын шилтемеси

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмү