Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар жана Аппарат кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырат

17-09-2022
11:40

Жогорку Кеңештин депутаттары жана Аппарат кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырат.

Муну менен катар Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында түзүлгөн атайын штабдар тийиштүү жумуштарды алып барууда. Учурда депутаттар тобу Баткен облусунда жана Ош шаарында жүрөт. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эл өкүлдөрү жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык Министрлер кабинети менен бирге керектүү чараларды көрүүдө. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү