Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн Ош шаарында кан тапшырышты

17-09-2022
16:51

Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Козуев, Жылдыз Таалайбек кызы, Эмил Жамгырчиев жана Фархат Исмаилов мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн Ош облустук кан борборуна барып, кан тапшырышты.

Белгилей кетсек, учурда аталган депутаттар Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан Ош шаарында түзүлгөн штабда иш алып барышууда. Анда эл өкүлдөрү гуманитардык жардам жөнөтүүгө көмөктөшүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте керектүү иштерди жүргүзүүдө. Мындан тышкары эвакуацияланган жарандар менен жолугушуулар өтүүдө.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү