Түз
эфир
Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмиль Токтошев Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна барып, кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырды.
Белгилей кетсек, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өз кезегинде эл өкүлдөрү тийиштүү министрликтер жана мекемелер менен бирге жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык иш алып барууда.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү