Түз
эфир
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Примов Ош облусунун Чоң-Алай районуна барды.
Депутат район акими менен бирге мамлекеттик чек аранын Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик тилкесиндеги абал менен жеринде таанышты. Ошондой эле эвакуацияланган тургундар менен жолугушту.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мамлекеттик чек аранын Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп турат.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү