Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, чек арадагы түзүлгөн кырдаалда жабыркаган жарандардан кабар алды

17-09-2022
20:21

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев менен Аманкан Кенжебаев Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалда жабыркаган жарандардан кабар алды.

Андан тышкары, медицина кызматкерлери менен жолугушуп, баарлашты.

Ал эми Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев депутаттарга чек арага чектеш айылдардагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.

Кошумчалай кетсек, депутаттар жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам жеткирүү жаатында да тийиштүү сүйлөшүүлөрдү алып барууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү