Түз
эфир
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам иретинде 2,5 млн сомдук 50 тонна жүк жөнөттү. Белгилей кетсек, депутат Искендер Матраимов Баткенде иш алып барууда.
Эске салсак, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өз кезегинде эл өкүлдөрү тийиштүү министрликтер жана мекемелер менен бирге жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык иш жүргүзүүдө
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү