Түз
эфир
Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен биргеликте Баткен облусундагы кырдаалда жаракат алып, Бишкек шаарына жеткирилген жарандардын абалынан кабар алды. Эл өкүлү жабырлануучулардын саламаттыгына дыкат көңүл буруп, тийиштүү чаралар жана жардамдар көрүлүүсү шарт экенин билдирди.
Маалым болгондой, кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалдан жараат алгандардын айрымдары Улуттук госпиталга, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Улуттук хирургия борборуна жана Бишкек шаардык медициналык тез жардам көрсөтүү ооруканаларына жаткырылган. Учурда керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү