Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Примов Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айыл өкмөтүнүн айрым айылдарынан эвакуацияланган жарандар менен жолугушту.
Тагыраагы, Жекенди, Карамык, Кара-Тейит, Шибе, Чулук айылдарынын тургундары менен баарлашып, депутаттар Министрлер кабинети менен биргеликте калктын суроо-талаптарына ылайык маселелерди чечүү жаатында тийиштүү жумуштарды алып барып жатканын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда эвакуацияланган жарандар үчүн ысык тамак уюштурулду.
Андан соң төраганын орун басары Улан Примов Карамык айылындагы чек ара бөлүмүнө барды.
Эскерте кетсек, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штабдар түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү