Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети кезектеги жыйынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу конфликтте курман болгон жарандарды эскерүү менен баштады.
Төрайым Винера Раимбачаева “Тармактык комитеттин атынан мекен чегинде курман болгон жарандарыбыздын үй-бүлөсүнө, ата-энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, – деди.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Андан соң комитет мүчөлөрү чек арадагы жаңжалда жабыркагандарга керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүү, зарыл болгон дары-дармектерди убагында жеткирүү боюнча маселелерди көтөрүштү.
Өз кезегинде Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору Нурдин Кагаздиев бардык керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин белгиледи.
Ал эми депутат Надира Нарматова кыйын кырдаалда чек арачылар менен катар кызмат кылган ак халатчандарга ыраазычылык билдирип: “Эмне жардам керек болсо айткыла. Биз, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарыбыздын алкагында чечкенге аракет кылабыз”, – деди.
Ошондой эле депутат Айбек Маткеримов Финансы министрлигинин өкүлүнө кайрылып: “Өзгөчө кырдаалдарда кошумча каржылоо мүмкүнчүлүгү барбы? Маселен, керектүү медициналык каражаттарды алуу багыттында” – деп сурады.
Финансы министрлигинин өкүлү өтө зарыл болгон сунуштардын бардыгы каралып жатканын айтып, керек болсо берилерин кошумчалады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү