Бүгүн, 19-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу конфликтте курман болгон жарандарды эскерүү менен баштады.
Андан соң депутаттар «Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы экологиялык-экономикалык абал тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-апрелиндеги чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү” маселени карады.
Аталган маселе боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова маалымат берди.
Талкуу маалында депутат Алишер Эрбаев 35 пунктан турган чечимдин 15и гана аткарылганын белгилеп, так пландын жок экендигине көңүл бурду. Ал эми депутат Максат Сарбагышев чечимдин аткарылышы боюнча ар бир үч ай сайын маалымат берилип турушу керектигин айтып, Тамчы жана Бостери айылдарындагы мыйзамсыз курулуштар тууралуу апрель айында берилген тапшырма боюнча азыркыга чейин маалымат жок экендигин сынга алды.
Ошондой эле депутат Жалолидин Нурбаев саркынды суулардын көлгө куюлуп, балык улоочу синтетикалык торлордун пайдаланылып жаткандыгы тууралуу мыйзамсыз иштерге токтолуп, Ысык-Көл районуна бирдиктүү аялдамаларды куруу маселесин көтөрдү.
Талкуу соңунда депутаттар чечимдин аткарылышы боюнча берилген маалыматты эске алуу тууралуу жыйынтыкка келишти.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү