Бүгүн, 19-сентябрда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кезектеги жыйынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу конфликтте курман болгон жарандарды эскерүү менен баштады.
Комитет төрагасы Данияр Төлөнов мекен чегинде курман болгон жарандарыбыздын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Тѳрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Аталган маселе боюнча Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы Бахтияр Алиев бандама жасады.
Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасында кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, колдоо жана аларды экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу болуп саналат. Чакан жана орто бизнестин чарбалык субъекттери, жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтик саясатты өзгөртүү каралууда.
Ошондой эле, комитетте «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, жактырылды. Мыйзам долбоору редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү