Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карады

19-09-2022
14:44

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты:

- «2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө»;

- «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- «2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу». 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү