Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айым депутаттары Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу жаңжалдан жабыркаган балдардын абалынан кабар алды.
Эл өкүлдөрү дарыгерлер менен баарлашып, көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдар боюнча маалыматтарды угушту. Ошондой эле жабыркаган балдарга гуманитардык жардам көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, Баткендеги куралдуу жаңжал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өз кезегинде эл өкүлдөрү тийиштүү министрликтер жана мекемелер менен бирге жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык иш алып барууда.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү