Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы бир катар макулдашуулардын долбоорлору биринчи окууда каралды

19-09-2022
14:58

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында үч макулдашуунун долбоору биринчи окууда каралып жактырылды.

Тагыраагы, тармактык комитет Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү,  кылмыш иштери боюнча ѳз ара укуктук жардам жѳнүндѳгү, соттолгон адамдарды ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү макулдашуулардын долбоору талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев белгилегендей, макулдашуулардын долбоорлорунун максаты Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салууга багытталган укуктук базаны түзүү болуп саналат.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү