Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет «Расмий статистика жөнүндө» мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды

19-09-2022
15:17

Бүгүн, 19-сентябрда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленген «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору каттоонун бардык түрлөрү боюнча зарыл ченемдерди, аларды уюштуруунун тартибин жана өткөрүүнүн шарттарын камтыйт. 

Талкуу маалында депутат Надира Нарматова мигранттар боюнча маалыматтарды расмий статистикага киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. Депутат Айсаракан Абдибаева Улуттук статистикалык комитеттин штаттык саны жана бюджети тууралуу маселелерге кызыкты. Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева Улуттук статистикалык комитеттин негизги көйгөйү мамлекеттик органдардын ортосундагы маалыматтарды синхронизациялоонун жоктугу экенин белгиледи.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү