Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы жаңжалдан жаракат алып дарыланып жаткан жарандардан кабар алышты

19-09-2022
15:55

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бишкек шаарындагы №4 клиникалык ооруканага жана М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго барып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандардын абалынан кабар алышты.

Эл өкүлдөрү жабыркагандар менен баарлашып, дарыгерлер менен көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдар тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле дарыланып жаткан жарандарга каржылык жардам көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, Баткендеги куралдуу жаңжал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өз кезегинде эл өкүлдөрү тийиштүү министрликтер жана мекемелер менен бирге жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык иш алып барууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү