Бүгүн, 20-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезектеги жыйынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу жаңжалда курман болгон кыргызстандыктарды эскерүү менен баштады.
Андан соң комитет мүчөлөрү “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карады.
Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Чингиз Айдарбеков жана Медербек Алиев тарабынан демилгеленген.
Демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо саясатын өркүндөтүүгө жана алардын маселелерин чечүүгө, колдонуудагы мыйзамдагы кемчиликтерди жоюуга багытталган.
Талкуу маалында депутаттар ушундай эле мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленгендигин жүйө келтирип, буга байланыштуу аларды бириктирүү керектигине токтолушту. Комитет бул сунушту колдоду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү