Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоору демилгеленди

20-09-2022
11:21

Бүгүн, 20-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезектеги жыйынында “Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.  

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Бакасов, Таалайбек Сарыбашев, Жаныбек Абиров тарабынан демилгеленген.

Өз кезегинде депутат Балбак Түлөбаев белгилегендей, мыйзам долбоору волонтердук ишмердүүлүккө бирдиктүү мамилени калыптандырууга багытталган.

«Акыркы жылдары ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жигердүү жайылып, коомубузда волонтерлукка кызыккандар көбөйүүдө», - деген Балбак Түлөбаев пандемия маалында волонтерлор белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болгонун, буга байланыштуу аларга мыйзамдык база түзүү сунушталып жатканын баса белгиледи.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу волонтерлордун, волонтердук ишти уюштуруучулардын жана волонтердук уюмдардын укуктарын жана милдеттерин белгилеп, волонтердук иш жөнүндө келишим түзүү тартиби жана анын мазмунуна талаптар каралат.

Талкуу маалында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Дастанбек Жумабеков ыктыярчылардын жаш курагына көңүл буруп, ошондой эле ыктыярчылардын саясий уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкты. Депутат Элмурза Сатыбалдиев белгилегендей, ыктыярчылар саясий уюмдун ишмердүүлүгүнө катышпашы зарыл. Ал эми депутат Гуля Кожокулова мамлекет волонтердук саясатты жүргүзбөш керектигин айтып, анткени бул ыктыярдуу демилге деп эсептээрин кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү