Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Айрым айылдарды суу менен камсыздоо боюнча каржылык макулдашуунун долбоору талкууланды

21-09-2022
12:09

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору айрым дарыя бассейндеринде климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, жергиликтүү жана улуттук деңгээлде климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу ресурстарын башкаруу үчүн институттук потенциалды бекемдөөгө багытталган.

Долбоордун жалпы суммасы - 100 миллион АКШ доллары, анын жарымы грант, жарымы кредит. Жылдык пайыздык чени 0,75%, мөөнөтү 38 жыл. Ал эми жеңилдетилген мезгил 6 жылга белгиленген.

Тагыраагы, аталган макулдашууга ылайык Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу, ошондой эле Баткен облусундагы бир катар айылдарында суу менен камсыздоонун жаңы системаларын куруу жана мурда болгондорун калыбына келтирүү максатталган. Мындан тышкары, долбоордук каражаттардын эсебинен Карадарья-Сырдарья-Амударья (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) дарыяларынын бассейнинде жайгашкан үч ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоо боюнча иштер каржыланат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү