Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү сунушталды

21-09-2022
14:31

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогору Кеңештин жыйынында “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Улугбек Календеров белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына, Салык кодексине, Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүү максатында редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү