Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди

21-09-2022
14:39

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогору Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Улан Бакасов, Жылдыз Таалайбек кызы, Миргүл Темирбаева, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов жана Чолпон Султанбекова тарабынан демилгеленген.

Демилгечи депутаттардын бири, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун концепциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акимдеринин жана шаарлардын мэрлеринин ыйгарым укуктарынан, Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу укугун алып салууга багытталган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү