Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Нотариат жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды

21-09-2022
15:06

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогору Кеңештин жыйынында “Нотариат жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоору нотариат институтун реформалоого, нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариустардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги системалык коррупцияны жоюу боюнча актуалдуу иш-чаралардын планын ишке ашырууга багытталган.

Баяндамада айтылгандай, нотариустардын учурдагы реестрине ылайык, иштеп жаткан жеке нотариустардын саны – 350, ал эми мамлекеттик нотариустардын саны – 90 адамды түзөт.

Талкуу маалында депутат Надира Нарматова мыйзам долбоорундагы нотариустардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар чектөөлөргө токтолуп: “Беш жылга лицензия берип жатасыңар дагы, төрт жылдан кийин текшерет экенсиңер. Лицензиясынын бүтөөрүнө 1 жылга калганда текшерүү жүргүзүү менен коррупциялык көрүнүштөргө жол ачылбайбы? Андыктан ушундай маселелерге көңүл бургула”, – деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Дастан Бекешев курак боюнча чектөөлөрдү алып салууну сунуштап: “Эмне үчүн жетимиш жаштагы жаран адвокат боло алат дагы, жетимиш жаштагы жаран нотариус боло албайт?” – деди.

Өз кезегинде министрдин орун басары сунуш-пикирлердин бардыгы каралып чыгаарын кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү