Түз
эфир
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен областындагы жана Ош областынын Чоң - Алай районундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы түзүлгөн кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угууда.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү