Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

01-12-2022
10:00

2022-жылдын 1-декабрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. 

Күн тартибинин долбоору (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А., 29.09.22деги кир. № 6-19318/22.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 31.05.22деги кир. № 6-10828/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет);

4. “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө ” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16796/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.05.2022деги кир. № 6-10257/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

6. “Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – VI чакырылыштын депутаты Байбакпаев Э.Дж.) (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);

7. 2017-жылдын 16-январында Чүй областынын Сокулук районундагы Дача-Су айылында Боинг-747 жүк ташуучу учагы менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча Коомдук комиссиянын корутундусу жөнүндө.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү