Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

15-12-2022
10:00

2022-жылдын 15-декабрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. 

Күн тартибинин долбоору (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 24.05.2022деги кир.№ 6-10057/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган);

3. “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.07.22деги кир. № 6-15408/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Джумабеков Д.А., Мураталиев М.М., Молдобекова Г.С., 03.11.22деги кир. № 6-22100/22(Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Кенжебаев А.Б., Самыйкожо М., 14.04.22деги кир.№ 6-6814/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

6. “Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.05.2022деги кир.№ 6-9304/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

7. “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 02.03.18деги № 121 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Акаев Ж., Ормонов У., Түмөнбаев А., Айдарбеков Ч., Алиев М., 26.05.22деги кир.№ 6-10346/22 жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.06.22деги кир. № 6-11219/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Исатбек кызы А., Маткеримов А.Т., Матраимов И.И., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Алиев М.К., Омурзаков С.А., Жакышов Р.Ш.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

10. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 06.09.22деги кир.№ 6-17295/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

11. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 19.05.2022деги кир.№ 6-9634/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

12. “VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кээ бир убактылуу депутаттык комиссияларын жоюу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

13. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 549-т тескемеси жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

14. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 576-т тескемеси жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

15. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.05.22деги, кир. № 6-10374/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет караган).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү