Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

29-09-2022
10:00

2022-жылдын 29-сентябрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. 

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасына карата куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусу;

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы 29.10.21деги кир. № 6-15382/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.05.22деги кир. № 6-8865/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16753/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.06.22деги кир. № 6-11218/22) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

7. “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы 14.06.22деги кир. № 6-12343/22) (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү