2022-жылдын 14-декабрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт.
Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.05.2022деги кир.№ 6-8989/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
2. “2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 09.09.2022деги кир.№ 6-17602/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
3. “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 30.06.2022деги кир.№ 6-14452/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
4. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.05.22деги кир. № 6-9021/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
5. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 19.05.2022деги кир.№ 6-9635/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);
7. “Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.05.22деги кир. № 6-9498/22) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет);
8. “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 161 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет);
9. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Исатбек кызы А., Маткеримов А.Т., Матраимов И.И., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Алиев М.К., Омурзаков С.А., Жакышов Р.Ш.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
10. “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.05.2022деги кир.№ 6-10377/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
11. “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.05.2022деги кир.№ 6-10251/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
12. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.06.2022деги кир.№ 6-12772/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
13. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.09.2022деги кир.№ 6-18953/22) (Социалдык саясат боюнча комитет);
14. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.09.2022деги кир.№ 6-18904/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет);
15. “Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү