Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Кундузбек Сулайманов КМШ ПАнын туруктуу комиссиясынын отурумунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселени көтөрдү

23-09-2022
21:21

23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) туруктуу комиссияларынын отурумдарына катышты.

Алсак, депутат Кундузбек Сулайманов катышкан КМШ ПААнын Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда “Улуттук коопсуздук жөнүндөгү” моделдик мыйзамдын долбоору каралып, “Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү”, “Чек аралык мекемелер жөнүндөгү” моделдик мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды. Өз кезегинде Кундузбек Сулайманов кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар тууралуу баяндама жасады.

Өз кайрылуусунда депутат Кыргыз Республикасы аймактык көйгөйлөрдү чечүүдө Шериктештиктин фундаменталдык документтери менен катар бардык эл аралык милдеттенмелерди карманарын айтып, тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы эки жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессия экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле КМШ ПАА катчылыгына Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасындагы чыр-чатакты изилдөө үчүн эл аралык эксперттердин тобун түзүү тапшырмасын берүүнү суранып, кыргыз тарап талаштуу маселелерди дипломатиялык ыкмалар аркылуу тынчтык жолу менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүлбөс позицияны карманарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, КМШ ПААнын Илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумуна депутат Аида Исатбек кызы катышты. Жыйындын жүрүшүндө Аида Исатбек кызы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын актуалдуу маселелери боюнча баяндама жасады.

Ал эми туруктуу комиссиялардын жыйындарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев да катышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү