Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте бир катар мыйзамдарды өзгөртүү сунушу каралды

26-09-2022
11:00

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, жактырылды.

Аталган маселе боюнча баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору менен чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана жүрүүгө тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныктала тургандыгын белгилөө сунушталып жатканын кошумчалады.

Андан тышкары, жыйында “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин өкүлү билдиргендей, аталган мыйзамдын 25-беренесинин 21-пунктуна ылайык Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюлган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү жана жакын туугандары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барып келүүгө укуктуу. Бирок, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча мыйзам долбоору 137,4 млн. сом өлчөмүндө кошумча финансылык каражаттарды талап кылат. Ага ылайык, бюджеттеги тартыштыктан мыйзамдагы ушул пункту жоюу сунушталууда.  

Талкуу маалында депутат Аида Исатбек кызы жокко чыгарылып жаткан ченемди канча киши пайдаланганын сурады.

Коргоо министрлигинин өкүлү 25 киши кайрылганын, бирок эч ким жакыны коюлган жерге бара албагандыгын маалымдады.

Ал эми депутат Алишер Козуев 25 киши кайрылганына карабай, мыйзам талаптары сакталбагандыгын сынга алып: “Эч ким барбаса, 137 млн сомду кайдан алдыңар. Кантип эсептедиңер? Атайын критерий киргизип, бир кишиден болсо да 25 кишини жиберип көрсөңөр болмок”,– деди.  

Ушундай эле пикирге токтолгон комитет төрайымынын орун басары Гүлкан Молдобекова Улуу Ата-Мекендик согушта дайынсыз жоголгон канча кыргызстандык бар экенин тактап: “Жыл сайын 200-300 киши барбайт да. Ансыз да азыркыга чейин эч ким бара элек экен. Андыктан Президент өзү кол коюп берген мыйзамды өзгөртүүдөн мурун, башка жолдорун да караштыргыла”, – деген пикирин билдирди.

Эскерте кетсек, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин өкүлү белгилегендей, Улуу Ата-Мекендик согушта 56 миңден ашуун жаран дайынсыз жоголгон.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун четке кагуу сунушу берилип, комитет тарабынан колдоо тапты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү