Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому тиешелүү мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

28-09-2022
16:21

Бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси үчүнчү окууда каралды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөрдү “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети” деген сөздөргө алмаштырууга багытталган.

Мындан тышкары, жыйында “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү