Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Улан Бакасов Нарын облусунун Солтон-Сары жана Кум-Бел алтын кендерин иштетүүгө каршы чыккан тургундардын кайрылуусун билдирди

29-09-2022
11:51

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Улан Бакасов экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Солтон-Сары жана Кум-Бел алтын кендерин иштетүүгө каршы чыккан Нарын облусунун тургундарынын кайрылуусун билдирди.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Бишкекте батирлердин баасы кескин көтөрүлүп кеткенин белгилеп, батир ээлери чет элдик жарандарды жайгаштыруу үчүн квартиранттарды кууп чыгып жатканын кошумчалады. Эл өкүлү үй ээлери салык төлөбөй жатканын айтып, батирдин аянтына жараша турак жайды ижарага берүү үчүн салык киргизүүнү сунуштады.

Ошондой эле депутат Дастанбек Жумабеков төө буурчак өндүрүүчүлөрдү субсидиялоо жана Талас облусунда заготконтораларын түзүү маселесин кароону министрлер кабинетине сунуштады. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө төө буурчактын өздүк баасы жана базар баасы 60 сомду бирдей болгондуктан, дыйкандар кыйын абалда экенин айтты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү