Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Баткен облусундагы көйгөйлөрдү көтөрүштү

29-09-2022
11:54

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен облусундагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Алсак, депутат Эмил Токтошев Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалында курман болгон жоокерлердин балдарына берилүүчү жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү зарыл экенине токтолуп, аскер кызматкерлеринин тамак-ашын кайра карап чыгуу менен каржылоону көбөйтүү керектигин да белгиледи. Муну менен катар Баткен облусуна жардам көрсөтүү боюнча ачылган бирдиктүү эсептеги каражат тууралуу сурады.

Өз кезегинде депутат Чыңгыз Ажыбаев чек арадагы жаңжалдан эвакуациялангандар Баткенге кайта алышпай убара тартышканын жүйө келтирип, шалаакылыкка жол берген аткаминерлерге чара көрүүнү талап кылды. Ошондой эле Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарынан келген бүтүрүүчүлөр үчүн ЖОЖдорго тапшырууда жеңилдиктер каралышы керектигин айтып жана аталган облуска аба каттамдарын көбөйтүү маселесин кароону сунуштады.

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев 2022-жылдын башында Баткен облусуна жардам катары которулган 500 миллион сом тууралуу сурап: “Бул каражаттар кайда жөнөтүлдү? Так маалымат бергиле”, - деди.

Депутат Максатбек Сарбагышев болсо Баткен облусунун көйгөйлөрү комплекстүү каралып, бардык кырдаалды эске алынышы керектигин билдирип, буга байланыштуу Министрлер кабинетинин маалыматын угуу сунушталганын кошумчалады.

Мындан тышкары, депутат Айбек Маткеримов тиешелүү медициналык мекемелерди ДНК анализин аныктоочу жабдуулар менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү