Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар социалдык көйгөйлөргө токтолушту

29-09-2022
11:56

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаев быйылкы жылы Ысык-Көл облусунун тургундары жаратылыш кырсыгынан жапа чеккенин, бирок Министрлер кабинети тарабынан эч кандай реакция кылынбагандыгын белгилешти.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева 2017-жылдан бери жашы жете элек кызына карата жасалган зордук-зомбулук фактысы боюнча ар кайсы органдардан жардам сурап жүргөн эненин маселесин көтөрүп, окуяга укук коргоо органдары кайдигер карап жатканын сынга алды. Муну менен катар депутат Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер аймагындагы инфраструктуралык маселелерди чечүү зарылчылыгын көтөрдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү