Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактардагы социалдык объектилерге байланышкан маселелерди көтөрүштү

29-09-2022
12:17

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Жалолидин Нурбаев 2023-жылга карата капиталдык салымдардын тизмесине киргизилиши керек болгон бир катар социалдык объектилерди атады. Ошондой эле депутат Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жашоочулары ичүүчү суудан кыйналып жатышканын кошумчалады.

Ал эми депутат Айбек Осмонов быйылкы жылы Ош шаарын жылуулук менен камсыздоо ишканасына, жылуулук энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдын ордун толтуруу үчүн 250 миллион сом субсидия бөлүнбөй калганын айтып: “Жыл сайын компенсация бөлүнчү, быйыл эмнеге каражат бөлүнбөй калды?” - деп сурады. Муну менен катар бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды. Мындан тышкары, Айбек Осмонов курулушу 90% бүтүп, бирок аягына чыкпаган 9 мектеп тууралуу сөз кылып: “Биринчи кезекте мындай объектилер каржыланып, ишке киргизилиши керек” , - деди.

Ошондой эле депутат Жаныбек Абиров борбор калаада 15 мектептин курулуп жаткандыгын жогору баалап, бирок бала бакчалардын жетишсиздиги курч экенине токтолду. Депутат белгилегендей, социалдык объектилердин кескин жетишсиздигине карабай, алардын айрымдары башка максаттарга пайдаланылып жатат. Маселен, 2015-жылы Ахунбаев көчөсү 140 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты “Кыргыз Республикасындагы немистердин элдик кеңеши” бейөкмөт уюмуна өткөрүлүп берилген. Ага ылайык, Жаныбек Абиров аталган объектти мамлекеттин карамагына кайтаруу маселесин көтөрдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү