Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Камила Талиева менен Алишер Козуев кыргыз армиясынын күжүрмөн даярдыгын күчөтүү маселесин көтөрүштү

29-09-2022
12:40

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев кыргыз армиясынын күжүрмөн даярдыгын чыңдоо маселесине токтолуп, аскер бөлүктөрүндө кадрларды даярдоого багытталган натыйжалуу жана кечиктирилгис чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, эл өкүлү Россиянын жарандыгын алган мекендештерибиздин укуктарын коргоо зарылчылыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Камила Талиева Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу, кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу маселесин тез арада чечүү керектигин билдирди. Ошондой эле “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, Баткен облусунун бардык чек ара айылдарын чек арага жакын жайгашкандыгы үчүн жеңилдик алган конуштардын тизмесине киргизүүнү сунуштады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү