Түз
эфир
Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасында кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, колдоо жана аларды экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу болуп саналат. Чакан жана орто бизнестин чарбалык субъекттери, жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтик саясатты өзгөртүү каралууда.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү